• Башкы бет
  • Кара-Суу районунда 2 карышкыр, 6 чөө атылды
14:42, -ж., 3-февраль

Кара-Суу районунда 2 карышкыр, 6 чөө атылды

Кара-Суу районунда 2 карышкыр, 6 чөө атылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы тоолуу айылдарда 2 карышкыр, 6 чөө атылды. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Кара-Суу районунун аңчы адиси Урустам Абдыкеримов билдирди.

«Папан айыл өкмөтүнө караштуу Лаглан айылында жана Ата-Мерек жайлоосунда 2 карышкыр жана 6 чөө атылды. Лаглан айылында жакында эле бир карышкыр атылды. Ал эми Ата-Мерек жайлоосунда 10 күн мурун 1 карышкыр атылган эле. 6-7 чөө ошол Ата-Мерек жайлоосунда жок кылынды», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...