Президентти Кытайга кимдер коштоп кетти?

Бүгүн, 3-февралда президент Садыр ЖапаровКытай Эл Республикасынын Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул маалыматты басма сөз кызматы таратты.
«Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат», - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;
- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
Комментарийлер