• Башкы бет
  • Кара-Суу шаарына Женалиев мэр болуп дайындалды
14:39, -ж., 3-февраль

Кара-Суу шаарына Женалиев мэр болуп дайындалды

Кара-Суу шаарына Женалиев мэр болуп дайындалды

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Бакытбек Женалиевдайындалды. Дайындоо тууралуу буйрукка Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевкол койду.

Маалыматка караганда, район акими жаңы мэрди бүгүн, 3-февраль күнү жамаатка тааныштырды. Буга чейин ал Нарын облусунун Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал эми Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев эмгектенген.

Женалиев Бакытбек 1976-жылы 29-июнда Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. 1994-1999-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган. Кесиби боюнча математика жана информатика мугалими.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...