• Башкы бет
  • Милиция тарабынан бир нече ирет зордукталганын айткан кыз Жалал-Абаддагы тергөө камак жайында отурат
14:48, -ж., 2-февраль

Милиция тарабынан бир нече ирет зордукталганын айткан кыз Жалал-Абаддагы тергөө камак жайында отурат

Милиция тарабынан бир нече ирет зордукталганын айткан кыз Жалал-Абаддагы тергөө камак жайында отурат

Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан бир нече жолу зордукталганын айтып, социалдык тармакка маалымат тараткан 19 жаштагы Х. кызы К. бүгүнкү күндө Жалал-Абаддагы тергөө камак жайында отурат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Х.кызы К.нын өздүгүн аныктоочу документтери, тактап айтканда поспорту жок экендиги аныкталган. Андыктан ага байланыштуу кылмыш иштеринин тергөө иши аяктаган соң, ишти сотко өткөрүп берүү мүмкүн эмес.

«Х. кызы К.га байланыштуу кылмыш иштеринин тергөө иштери дээрлик аяктап калыптыр. Бирок Жазык-процессуалдык кодексинин 256-беренесине ылайык соттук кароого жөнөткөндө, сөзсүз жарандын өздүгүн аныктаган документи болуш керек. Бирок Х. кызы К.нын ушуга чейин бир дагы өздүгүн аныктай турган документи жок экен. Тактап айтканда, паспорт албаптыр. Бүгүнкү күндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Сузак райондук паспорт столу менен биргеликте ушул кызга паспорт алып берүү жагын чечип жатышыптыр. Өздүгүн аныктаган паспорт алынгандан кийин иш соттук кароого жүнөтүлөт. 12-февралга чейин абакта кармоо боюнча соттук чечим кабыл алынган экен», - деди З.Сыдыков.

Буга чейин Ош ШИИБдин кызматкерлери 19 жаштагы Х. кызы К.га карата алдамчылык жана жалган жалаа жабуу беренелеринин негизинде кылмыш иш козгоп, камакка алгандыгын жазган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...