• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасындагы абал кооптулук чегине жетти,-депутат
14:41, -ж., 2-февраль

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал кооптулук чегине жетти,-депутат

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал кооптулук чегине жетти,-депутат

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кооптуулуктун чегине жетти, деп эсептейт депутат Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»). Мындай пикирин ал 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, комиссиянын максаты күнөөлүүлөрдү издөө эместигин, 30 жылда Кыргызстандын коңшу мамлекет менен болгон мамилеси эмне үчүн мынчалык деңгээлге жеткенин изилдөө экенин билдирди.

«Ошолордун «оорусунун» себебин тапкандан кийин, бул багытта стратегиялык саясатты иштеп чыгышыбыз керек. Мындан ары жөн эле чыр-чатак чыкканда эле чыгып, барып, ошол жерде басып койгон жарабайт, болбойт. Себеби деген, бүгүнкү күндө чыр-чатактар вообще жогорку деңгээлге чыгып кетти. Ал уже спецслужбалардын спецоперациясына айланып кетти. Ошондуктан ушул комиссияны в срочном порядке түзүш керек», - деди Айжигитов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...