• Башкы бет
  • Өзгөндөгү базарга өрт өчүрүүчү унаа кире албай койду
14:40, -ж., 2-февраль

Өзгөндөгү базарга өрт өчүрүүчү унаа кире албай койду

Өзгөндөгү базарга өрт өчүрүүчү унаа кире албай койду

Бүгүн, 2-февраль күнү Өзгөн райондук борбордук базарында өрт-тактикалык машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, машыгуу райондун борборундагы базарда болдгон. Аталган иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жарандык коргоо кызматынын жетекчилери, өрт коопсуздугунун башкармалынын кызматкерлери катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Нурдин Шаматовдун айтымында, машыгуу учурунда өрт өчүрүү кызматынын унаасы өрт катталган жайга чейин кирип бара алган жок. Анткени аталган базарда талаптагы 6 метрлик норма сакталган эмес.

«Машыгуунун негизги максаты-өздүк курамдагы ар кандай мүнөздөгү өрт өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөттү, практикалык деңгээлди жогорулатуу. Ошондой эле борбордук базардагы коопсуздук эрежелерин аныктоо болуп эсептелет. Азыр машыгуунун жүрүшүндө биздин өрт өчүрүүчү автоунаа белгиленген жерге жете алаган жок. Себеби бул жерде 6 метрлик жол сакталган эмес. Ошондуктан очаг болгон жерге өрт өчүрүү унаасы жетпей, жолдо калды»,- деди Шаматов.

Нурдин Шаматов кошумчалагандай, буга чейинки машыгууларда да ушундай көрүнүштөр катталган. Базардын ичиндеги жолдор машыгуу учурунда гана тазаланып, башка учурда мурдагы калыбына келерин билдирди. Базарда аныкталган өрт коопсуздугунун сакталгандыгы боюнча архитектура өкүлдөрүнө жана тиешелүү орган кызматкерине тапшырмалар берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...