• Башкы бет
  • Түптө 2 адамдын жансыз денеси табылды
14:38, -ж., 2-февраль

Түптө 2 адамдын жансыз денеси табылды

Түптө 2 адамдын жансыз денеси табылды

Кечээ, 1-февралда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында жайгашкан турак үйдөн 2 адамдын жансыз денеси табылды.

Райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлгөн. Каза болгон адамдар Түп айылынын тургундары — 1974- жылы туулган Д.Р.М. (эркек киши) менен 1966- жылы туулган Р.Ж. (эркек киши) экени аныкталган. Маркумдар жаткан бөлмөдө жылыткычтан өрт чыгып, алар иске ууланып калган. Алардын денесинен зомбулуктун белгилери байкалган жок.

«Окуя боюнча иштин жагдайын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...