• Башкы бет
  • Бишкектеги өрттөнүп кеткен кампа кимдики экени белгилүү болду
13:53, -ж., 1-февраль

Бишкектеги өрттөнүп кеткен кампа кимдики экени белгилүү болду

Бишкектеги өрттөнүп кеткен кампа кимдики экени белгилүү болду

Бишкек шаарынын Тимирязев менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү май сакталган кампа мөөр басылып жабылды. Себеби кампа буга чейин ири өрт чыкканына карабай иштеп келген. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура-курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу билдирди.

Кампанын ээси шаар тургуну Колесников Олег Александрович экени белгилүү болду.

«Эгерде кампа кайра иштеп баштаса, анда кылмыш иши козголот. Алар турак үйдү кампа катары колдонуп келишкен. Биринчиден, бул максатсыз пайдалануу. Экинчиден, бул өнөр жай зонасы эмес. Ал жерде күйүүчү май сактоочу кампа ачууга болбойт», - деди Талант Иманакун уулу.

Кампада өткөн жылы 21-декабрда өрт чыккан. Ошондой эле кампа 2020-жылы да өрттөнгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...