Кытайдагы кышкы Олимпиадага кайсыл өлкөнүн президенттери катышат?

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 2022-жылдын 4-6-февралында Пекин улуттук стадионунда өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Ал ошондой эле Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине келген чет элдик мамлекет жана өкмөт башчыларын, королдук үй-бүлө мүчөлөрүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин тосуп алуу банкетин, ошондой эле ага байланыштуу эки тараптуу иш-чараларды өткөрөрүн Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньине таянып «Хinhua» маалымат агенттиги билдирди.
Олимпиада оюндарынын ачылышына катуучулар:
- Орусиянын президенти Владимир Путин;
- Камбоджанын королу Нородом Сиамони;
- Сингапурдун президенти Халима Якоб;
- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев;
- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров;
- Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;
- Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов;
- Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;
- Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси;
- Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Сальман Аль Сауд;
- Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани;
- Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян;
- Польшанын президенти Анджей Дуда;
- Сербиянын президенти Александр Вучич;
- Люксембургдун Улуу Герцогу Анри;
- Монако князи Альберт II;
- Аргентинанын президенти Альберто Фернандес;
- Эквадордун президенти Гильермо Лассо;
- Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ;
- Пакистандын премьер-министри Имран Хан;
- Босния жана Герцеговинанын Министрлер кеңешинин төрагасы Зоран Тегелтия;
- Папуа-Жаңы Гвинеянын премьер-министри Жеймс Марапе;
- Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бен Сок;
- Азербайжандын вице-премьер-министри Али Ахмедов;
- Таиланд Королдугунун ханбийкеси Маха Чакри Сириндон;
- Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах;
- БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш;
- БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Абдулла Шахид;
- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус;
- Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директору Дарен Танг;
- БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкынын президенти Маркус Троихо;
- ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин.
Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында үч кластерде — Пекинде, Янцинде жана Чжанцзякоуда өтөт.
Комментарийлер