• Башкы бет
  • Ош облустук сотунун аппаратынын кызматкерлери нааразычылыкка чыгышты
16:51, 2022-ж., 31-январь

Ош облустук сотунун аппаратынын кызматкерлери нааразычылыкка чыгышты

Ош облустук сотунун аппаратынын кызматкерлери нааразычылыкка чыгышты

Бүгүн, 31-январда Ош облустук сотунун алдына Ош облустук жана Ош шаардык сотунун аппаратынын кызматкерлери нааразычылык билдирип чыгышты.

Облустук соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы алар эмне талап коюп жатканын айтып берди.

«Социалдык тармактардагы соттордун айлык акысы көтөрүлөт деген маалыматтан кийин аппарат кызматкерлери "биздин айлык акыны көтөргүлө" деп чыгышты. Азыр бул боюнча жыйын өтөт. Жыйын бүткөндөн кийин кошумча маалымат берилет. Факт жүзүндө соттордун маянасы көтөрүлө элек», - деди Туратбек кызы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...