16:47, 2022-ж., 31-январь
Кара-Сууда үйгө уурулукка кирген жарандар видекого түшүп калган

Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында 2 жигит 2 кабаттуу үйдө уурулук жасоого аракет кылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
- Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында уурулук көбөйгөнү тууралуу маалымат чыгарып, 2 жигит тосмодон секирип өтүп, үйгө киргени тартылган видео жарыялаган.
Жеңиш Аширбаевдин айтымында, кечээ, 30-январда саат 06:45 чамасында Фуркат айылынын Баяс көчөсүндө жайгашкан үйгө белгисиз эки адам кирген.
«Үйдүн ээси — 1991-жылы туулган К.Д. Россия Федерациясында. Окуя болгон учурда үйдө эч ким болгон эмес. Жогорудагы маалыматты К.Д.нын 31 жаштагы кошунасы М.Ө. билдирген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, үйдөн эч нерсе уурдалган эмес. Себеби үй ээси көчүп кире элек болгон. Билдирүү Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, издөө иштери жүргүзүлүүдө», - деди ал.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер