• Башкы бет
  • Ошто этномаданий борборунун жаңы имаратынын маселеси каралууда
12:38, 2022-ж., 29-январь

Ошто этномаданий борборунун жаңы имаратынын маселеси каралууда

Ошто этномаданий борборунун жаңы имаратынын маселеси каралууда

Кечээ, 28-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн 13 улуттук маданий борборлорунун жетекчилери менен жыйын өткөрдү.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда жыйындын жүрүшүндө Ош филиалынын жетекчиси Балтагул Нурумбетов бөлүмдүн ишмердүүлүгү жана анын борборлорунун иштери тууралуу айтты. Ошондой эле быйылкы жазда "Достук кербени" деп аталган этномаданий иш-чараларды уюштуруу боюнча пландалган фестивалдар, көргөзмөлөргө токтолду. 

"Этномаданий борборлордун өкүлдөрү тиешелүү шарттар түзүлгөн жаңы борбор ачуу өтүнүчү менен мэрге кайрылышты. Мэр учурда жаңы имарат куруу маселеси каралып жатканын, анда этностордун өзгөчөлүгүн, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

Мындан сырткары Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү, анын ичинде тарыхый эстеликтерге QR-код системасын киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, Ош шаарында инфраструктураны өнүктүрүү, тротуарларды куруу, коомдук транспорттордогу заманбап тейлөөнү жакшыртуу пландары тууралуу айтып берди",-деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында калаа башчы улуттар ортосундагы достукту, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо маселелерине өзгөчө токтолду. Ага улай Ош шаарынын мэриясы менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын Ош шаарындагы филиалынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу жүрүп, сунуштар айтылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...