• Башкы бет
  • Кыргыз тарап чек арага жайгашкан кошумча күч түзүмдөрүн алып кетти,-Чек ара кызматы
13:40, 2022-ж., 29-январь

Кыргыз тарап чек арага жайгашкан кошумча күч түзүмдөрүн алып кетти,-Чек ара кызматы

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 29-январы саат 10.30 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январда болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан менен Тажикистандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган.

"Кыргыз тарап чек арага алып келген кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти.

Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатышат.

 УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат",-деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...