Кыргыз-тажик чек арасы: Тараптар ок атышпоо келишимине кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев жана Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согдий облусу боюнча губернатору жана алардын чек ара өкүлү менен жолугушуусунун жыйынтыгында төмөндөгүдөй Келишимдерге келишишкенин маалымдайт;
-ок атууну токтотуу;
-эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;
-Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;
-чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы КР УКМКнын Чек ара тарамдары кырдаал туруташканга чейин күчөтүлгөн тартипте кызматын уланта беришет.
Комментарийлер