• Башкы бет
  • "10 мүнөткө атышуу токтомок": Тажик тарап ок атууну токтото элек,-Чек ара кызматы
00:38, 2022-ж., 28-январь

"10 мүнөткө атышуу токтомок": Тажик тарап ок атууну токтото элек,-Чек ара кызматы

"10 мүнөткө атышуу токтомок": Тажик тарап ок атууну токтото элек,-Чек ара кызматы

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы саат 23.50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 минутага токтогондугун маалымдайт, деп билдирди.

Маалыматка караганда ок атышуу токтогон убакта Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырылган. 

"Бирок ошого карабай тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкерлери жайгашкан жерге ок атууну токтопой жатышат. 

2022-жылдын 28-январы саат 00.20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат",-деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...