Кыргыз-тажик чек арасы: Атышуу болуп жаткан аймактагы адамдар эвакуацияланууда

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам Ак-Татыр а/а Орто-Боз айылынын тургундарын Баткен районунун Рават айылына көчүрүүлүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Жака-Орук, Ак-Татыр а/а Үч-Дөбө, Самаркандек а/а, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына кочүрүлүүдө.
"Кооптуу аймактардан Максат, Кулунду, Сада айылдарынын жергиликтүү тургундары Лейлек районунундагы туугандарына жеке унаалар менен эвакуацияланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча жарандарды кабыл алууга даярдыктарды көрүүдө. Эвакуациялоо жумуштарына 90 ашуун куткаруучу тартылды",-деп айтылат маалыматта.
Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары “Өзгөчө кырдаал” режимге өткөрүлдү.
Комментарийлер