• Башкы бет
  • Акыркы сааттарга карата: Тажик тарап маал-маалы менен ок атып жатат
23:37, 2022-ж., 27-январь

Акыркы сааттарга карата: Тажик тарап маал-маалы менен ок атып жатат

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан менен Тажикстандын расмийлери сүйлөштү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы саат 22.18де тажик тараптын демилгеси менен КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары-Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшкөн. 

Сүйлөшүү дагы эле ок атууну токтотуу тууралуу болду.

"КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.Шаршеев тажик тарап ок атууну токтопой жаткандыгын жана чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келип жаткандыгын билдирди. Саат 23.00 карата тажик аскер кызматкерлери кыргыз аскер кызматкеринин жайгашкан жерин көздөй маал-маалы менен ок атып жатышат, ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде дагы деле ок атышуу уланып жатат. 

Тажик аскер кызматкерлери Көчө-Бою жерлигиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жайгашкан жакты көздөй минамет менен атышкандыгынан Кыргызстандын жергиликтүү жашоочусунун үйү өрттөнүп кеткен",-деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...