Атайын тема
Чек арадагы кырдаал: бул рубрикадан Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттердин чек араларындагы соңку окуялар менен таанышсаңыз болот - Таджикистан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай
Иллюстрациялык сүрөт
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан улам 4 кыргыз аскери жараат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки тез жардам унаасы менен жаракат алган төрт аскер Баткен облустук бириккен ооруканасына Көк-Таш айылынан келип түштү.
"Жараттын түрү: сыныктар.
Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет",-деп айтылат маалыматта.
Комментарийлер