• Башкы бет
  • "Тажик тарап ок атууну токтоткон жок" :Эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугары күтүлүүдө,-Чек ара кызматы
23:14, 2022-ж., 27-январь

"Тажик тарап ок атууну токтоткон жок" :Эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугары күтүлүүдө,-Чек ара кызматы

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы саат 21.45те тажик тараптын демилгеси менен КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары-Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшүшкөндүгүн маалымдайт,деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда тажик тарап ок атышууну токтотуу суранчы менен кайрылган. Бирок буга карабай эле 22.30 карата тажик аскер кызматкерлери маал-маалы менен КР ИИМдин Ички Аскерлеринин жайгашкан жерин көздөй ок чыгарышууда, ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде ок атышуу уланып жатат. 

"Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө,-деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...