• Башкы бет
  • "Тажик аскерлери ок атууну токтотпой жатат": Тажик жарандары таш жүктөп келишкен
22:55, 2022-ж., 27-январь

"Тажик аскерлери ок атууну токтотпой жатат": Тажик жарандары таш жүктөп келишкен

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы тараткан маалыматка ылайык,  бүгүн, 27-январы болжол менен саат 17.50 чамасында Төрт-Көчө жерлигине тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаасына таш жүктөп келишкен.

"Тажик жарандары таштарды Баткен-Исфана авто жолуна түшүрүп жолду жабышкан. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөн. Эки Өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда: Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй минамет жана гранатомёттор менен ок чыгарышкан. Андан кийин эле тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жериненг координация болуп алардын бул чагымчылдык аракети мурдатан даярдык көрүшкөнү байкалды",-деп айтылат маалыматта.

Алар тараптан минамет колдонулганы, алардын Чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт буну менен Тажикстандын УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күч жана каражаттарын колдонгону көрсөтүп турат.

"Ошону менен бирге тажик тарап эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди одоно түрдө бузганы байкалды. 

Тажик тарап минаметтер менен чек ара заставаларына жана электр линияларын көздөй ок атышкан. 

Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талабын тажик аскер кызматкерлери аткарбай жатышат",-деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...