• Башкы бет
  • Атышуу болгон аймакта аба чубалгысы үзүлдү,-"Ош электро"
22:14, 2022-ж., 27-январь

Атышуу болгон аймакта аба чубалгысы үзүлдү,-"Ош электро"

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн 27-январ кечинде, кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абал курчуганына байланыштуу, Баткен РЭТ инде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз аба чубалгысы үзүлдү. 

"Ош электро" ишканасынан билдиришкендей, бул кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Көк-Таш,Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды. Азыркы кырдаалга байланыштуу ремонт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Кырдаал турукташканда Баткен РЭТинин кызматкерлери аба чубалгыны оңдоп, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр.

Баткен облусунун башка аймактарында электр тармактары штаттык режимде иштөөдө, өчүрүүлөр катталган эмес.

Учурда башка аймактарда эч кандай өчүрүүлөр жок, баардык райондор "Ошэлектр" ишканасынын көзөмөлүндө жана райондук электр тармактар ишканалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...