• Башкы бет
  • Аба ырайы: Эртең айрым облустарда кар жаайт
14:38, 2022-ж., 27-январь

Аба ырайы: Эртең айрым облустарда кар жаайт

Аба ырайы: Эртең айрым облустарда кар жаайт

“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 28-январда түнкүсүн өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -1…-6;

Бийик тоолордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -8…-13 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 8…10 градуска чейин жылуу болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...