• Башкы бет
  • Ат-Башыда бир нече мамлекеттик кызматкер кармалды
14:36, -ж., 27-январь

Ат-Башыда бир нече мамлекеттик кызматкер кармалды

Ат-Башыда бир нече мамлекеттик кызматкер кармалды

Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалышты.

Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, анын ичинде социалдык билим берүү объектилерин каржылоону жана курууну контролдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 26-январында сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалышты. 

Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 607 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталды.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Т.Т.С.” Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...