• Башкы бет
  • Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
14:35, 2022-ж., 27-январь

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери унааларга байланышкан алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБге арыз менен Р.З. (аял киши) аттуу жаран кайрылып, криминалдык түзүмдөрдүн укукка каршы аракеттери жөнүндө билдирген. 2020-жылы Сагыныч аттуу чала тааныш адам «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны «арзан баада Кореядан алып келип берем» деп ишенимге кирип, жабырлануучуну алдоо менен 125 миң сомун алган. Андан соң унааны алып келип бербей же акчасын кайтарып бербей койгон. Шектүү жабырлануучуну коркутуп, милицияга кайрылбоо керектигин айткан.

«Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам кызматкерлер бул фактыга Баткен облусунун тургуну — 1985-жылы туулган С.С.дин тиешеси бар экенин аныкташкан. Мурда ал бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

2022-жылдын 25-январь күнү Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Ош шаарында жүргүзгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.С. кармалды. Ал Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...