• Башкы бет
  • Ош шаарында 1-класстын окуучусу каза болду
14:33, 2022-ж., 27-январь

Ош шаарында 1-класстын окуучусу каза болду

Ош шаарында 1-класстын окуучусу каза болду

Ош шаарындагы орто мектептердин биринде 1-класстын окуучусу калем саптын капкагын жутуп алып каза болду.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя мектепте болгон. Мугалимдер медициналык тез жардам кызматы жеткенче окуучунун өмүрүн сактап калууга аракет жасап, бирок оң жыйынтык болгон эмес.

Бул маалыматты Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Юсупова тастыктады. Анын айтымында, окуя кечээ, 26-январь күнү шаардагы №48 мектепке катталган.

«Бул окуя №48 мектепте болду. Каза болгон окуучу 1-класстын окуучусу болчу. Сабак бүткөндө мектептен чыгып баратканда курткасын кийип жатып, ручканын капкагын оозуна салып турган экен. Ал учурда каза болгон баланын апасы баласын мектептен алып кетүү үчүн келген. Окуя болгон учурда апасы да, мугалими да, директор да ошол жерде экен. Эч кандай жардам бере алышпаптыр. Тез жардам кызматы алып бара жатканда, жарым жолдо каза болуптур. Ата-энеси мугалимдерге биздин эч кандай доо-арызыбыз жок дешти. Кечээ баланын сөөгүн жерге беришти», - деди Юсупова.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...