Нарында атайын операциянын негизинде 3 курал алынды

Ат-Башы районунда «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө 3 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды.
Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга 7-январда саат 19:20 чамасында Биринчи май айылына караштуу Чыр-Дөбө участкасында белгисиз адамдар аӊчылык кылып жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.
8-январда саат 03:00дө окуя болгон жерге Ат-Башы РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда Биринчи май айылынын 1971-жылы туулган тургуну М.Ж. «ТОЗ-8М» үлгүсүндөгү 5,6-калибрлүү ок атуучу куралы, 1963-жылы туулган тургуну М.Ж. «ИЖ-18Е» үлгүсүндөгү 16-калибрлүү ок атуучу куралы, 1987-жылы туулган тургуну М.У. «ТОЗ» үлгүсүндөгү 12-калибрлүү ок атуучу куралы менен аңчылык кылып келе жаткан жеринен кармалышкан.
Аталган факт Ат-Башы РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 1-бөлүмүнө (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Текшерүүдө аталган жарандардын жанында алып жүргөн ок атуучу куралдары мыйзамсыз экендиги жана өздөрүнүн көрсөтмөсүнө ылайык жапайы тоо жаныбарларын атып, эттерин алып келе жаткандыгы аныкталган. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Комментарийлер