• Башкы бет
  • "Ош-Тазалык" ишканасына 12 текхника алынып келинди
14:09, 2022-ж., 26-январь

"Ош-Тазалык" ишканасына 12 текхника алынып келинди

"Ош-Тазалык" ишканасына 12 текхника алынып келинди

Ош-Тазалык ишканасынын автогаражы жаны унаалар менен толукталды. Жаңы алынып келинген 12 атайын техника бүгүн, 25-январь күнү пайдаланууга берилди. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Европа Биримдигинин КРдеги элчиси Эдуард Ауэр жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Кыргызстандагы аймактык директору Айтен Рустамова катышты.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Европа биримдиги тарабынан каржыланган долбоордун алкагында Ош-Тазалык ишканасынын материалдык-техникалык базасы чындалып, шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү максатталган.

Аны менен бирге кызматкерлерлердин иш бөлмөлөрү, ашкана, унаа жуучу жана унаа ондоочу жайлары да капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, иштөө үчүн толук шарттар түзүлдү.

Жаңы келген техникалар эртенден тарта жумушка чыгып, шаарды тазалоого киришет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...