• Башкы бет
  • Ак-Буура дарыясынын жээгинде курулуш иштери жүрөт
14:07, -ж., 26-январь

Ак-Буура дарыясынын жээгинде курулуш иштери жүрөт

Ак-Буура дарыясынын жээгинде курулуш иштери жүрөт

25-январда Ош шаарынын мэриясында Ак буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу болуп өттү. Талкуу биринчи вице-мэр Марс Исаевдин жетекчилиги астында шаардык кеңештин депутаттарынын, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Жыйынтыгында долбоордун курулушу табыгый экосистеманы сактап калуу менен ишке ашырылуусу сунушталып, катышуучулардын макулдугу менен чечим кабыл алынды.

Жакында долбоор кайра иштелип, толуктоолор киргизилет. Ал эми каржылоо Дүйнөлүк Банк тарабынан гранттык эсепте ишке ашат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...