Кара-Сууда тоюттун баасы арзанды

Ош облусунун Кара-Суу районунда тоюттун баасы арзандады. Сатуучулар муну тоолордо кар жаабай, мал короодон чөп жебей жатканы менен түшүндүрүштү.
Кара-Суудагы «Учкун» мал базарында чөп алып сатуу менен алектенген Аширбек Малабаев буларга токтолду.
«Мал базар ар жуманын дем алыш күндөрү болот. Чоң базарлардын бири болгондуктан биз да кире беришинде чөп, беде, саман, жүгөрү сатабыз. Ушул күнү соода кызыйт. Мал базарга келгени да, кеткени да, тоют керек болсо сатып алышат. Бирок күн өткөн сайын арзандап жатат. 1 таңгак беде 70 сомго, чөп 50 сомго, саман 30-50 сомго, жүгөрү 30 сомго арзандады. Себеби 1 айдан кийин жаз келет. Кар жааган жок. Адамдар талаага малын айдап, чөптү бул жылы кыйла үнөмдөштү», - деди Малабаев.
Учкун айылындагы базардагы баа:
- 1 таңгак беде — 350-420 сом;
- 1 таңгак чөп — 340-370 сом;
- 1 таңгак жүгөрү — 270-300 сом;
- 1 таңгак саман — 280-310 сом.
Комментарийлер