• Башкы бет
  • Акылбек Жапаров укук коргоо органдарын жеке ишкерлерге жардам берүүгө үндөдү
14:03, 2022-ж., 26-январь

Акылбек Жапаров укук коргоо органдарын жеке ишкерлерге жардам берүүгө үндөдү

Акылбек Жапаров укук коргоо органдарын жеке ишкерлерге жардам берүүгө үндөдү

Бүгүн, 26-январда Ош шаарында Ош облусунун жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдагы жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ошондой эле облустагы бардык райондордун акимдери, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Акылбек Жапаров президент жана Министрлер кабинетинин аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

«Тышкы карызды төлөө убактысы келип калды. 2023-жылдан баштап тышкы карызды төлөөнү бир саатка кечиктирсек, Кытайдын "Эксим банкы" ала турганын алып коёт. Баарыбыз биригип, экономиканы көтөрүп, байытып, карызды төлөшүбүз керек. Ишке ашыра алабыз. Укук коргоо органдары, жеке ишкерлерди кыйнабагыла. Ар бир ишкердин жакшы иштөөсүнө шарт түзүп берели. "Крыша" болбой эле койсоңор, кайра колдогула. Ички иштер министри, УКМК "крыша эмесмин" деп айтышты.

Алкоголдон 5 млрд сом, тамекиден 10 млрд сом түшүрдүк. Буга чейин бизге берилген статистика боюнча, түштүккө такыр тамеки келбейт, насыбай гана чегишет деп айтылган», - деди Жапаров.

Коллегиялык жыйындын күн тартибине 3 маселе коюлду. Алар: 2021-жылы Ош облусунда жана Ош шаарында аткарылган иштер, 2022-жылга коюлган пландар жана милдеттер, Ош шаарын санариптештирүү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...