• Башкы бет
  • Президенттин Оштогу өкүлү көмүр тендериндеги ортомчулук жоюларын билдирди
13:58, 2022-ж., 26-январь

Президенттин Оштогу өкүлү көмүр тендериндеги ортомчулук жоюларын билдирди

Президенттин Оштогу өкүлү көмүр тендериндеги ортомчулук жоюларын билдирди

Бүгүн, 26-январда Ош шаарында Ош облусунун жана Ош шаарынын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдагы жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ошондой эле облустагы бардык райондордун акимдери, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Коллегиялык жыйындын күн тартибине 3 маселе коюлду. Алар:

- 2021-жылы Ош облусунда жана Ош шаарында аткарылган иштер;

- 2022-жылга коюлган пландар жана милдеттер;

- Ош шаарын санариптештирүү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Зиядин Жамалдинов баяндама жасады.

«Эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу боюнча "Ош электр" ишканасынын жетекчилигине тапшырма берилген. 2022-жылдан тарта алмаштыруу иштери башталат.

Мындан ары көмүргө тендер өткөргөндө шарт коебуз. Тендерден көмүр карьери бар ишкерди өткөрүү керек. Антпесе ортомчулар кирип алып, көмүрдү карьерден алып, баа кошуп сатып жатышат. Сапатсыз да көмүр алып келип коюшат экен.

Пахтанын баасы 112 сомго чейин көтөрүлүп, дыйкандар жакшы түшүм алышты. Пахта аянтын 3 миң гектарга чейин көбөйтүү пландалып жатат», - деди Жамалдинов.

Ошондой эле Зиядин Жамалдинов мыйзамсыз курулуштарга токтолду.

«Азыркы мезгилде трансформация болбой, турак үйлөр курулуп калган жерлерди мыйзамдаштыруу максатында райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан комиссия иштеп жатат. Мындан ары жер боюнча мыйзамсыз иштерди аткарган адистер жазага тартылат», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...