• Башкы бет
  • «100 000 ашык адам чогулат»: Миллиондордун сүймөнчүгүнө айланган аламан улак-көк бөрү
11:32, 2022-ж., 25-январь

«100 000 ашык адам чогулат»: Миллиондордун сүймөнчүгүнө айланган аламан улак-көк бөрү

«100 000 ашык адам чогулат»: Миллиондордун сүймөнчүгүнө айланган аламан улак-көк бөрү

Улак тартыш же көк бөрү- кыргыздар байыртан ойноп келе жаткан ат оюндарынын бири. Илгертен кыргыздар аш-тойдо, маарекелерде топ-топ болуп, эки командага бөлүнүп же массалык түрдө ойнойшкон. Учурда көк бөрүнүн командаларга бөлүнүп, атайын майданда эреже менен ойноо түрүү популярдуу жана ат оюндарынын ушул түрү улуттук спорттун катарына кошулган. Ал эми алман улак-бул массалык түрдө ойноло турган оюн. Көк бөрүнүн бул түрү Кыргызстандын түштүгүндө той-аштарда, салтанаттарда, маарекелерде көп ойнолот.

Көк бөрүнүн аянты, оюнчулардын саны

Көк бөрүнүн аянтына атайын жумшак кум төшөлүп, аянттын туурасы 100-150 метр, узундугу 200-300 метр болууга тийиш. Аянттын ортосуна диаметри 6 метр болгон мара сызылат. Көк бөрү оюнунда командаларда 10дон ашык оюнчу болушу керек. Бирок оюн талаасына эки командадан 5тен гана оюнчу чыгат. Улакчылар тартыша турган улактын же серкенин салмагы 30-40 кг.дан ашпоо зарыл.

Көк бөрүнүн эрежеси

Көк бөрү оюнунун эрежеси абдан жөнөкөй.Оюндан бир саат мурун командалар кайсы дарбазада (тай казанда) ойнорун чүчүкулак тартуу менен чечип алышат. Оюн эки таймдан туруп, ар бир таймга 15 мүнөттөн убакыт берилет. Бир тайм канча убак болушу керектиги боюнча командалар өз ара чечип алып, убактыны узартса да болот.

Оюн алган таланын ортосундагы диаметри 6 метр болгон чийимден башталат. Анда эки командадан бирден оюнчу чыгып, аттары менен сүрүшүп, улакты эңип алуу керек. Кимиси эңип алса командалаштарына ашырып, атаандаш команданын тай казанына салууга тийиш.

Оюн учурунда улакты талашууга, талаанын каалаган аймагынан улакты эңип кетүүгө, улакты такымга, ээрдин кашына, аттын эки капталына коюуга, атаандашына ашырууга уруксат берилет.

Оюн учурунда кайым айтышууга, калысты тоготпой коюуга, атаандаштын атынын жүгөнүн шыпырууга, үзөнгү менен урууга, атаандаштын аты чуркап келе жатканда атты туурасынан менен тосууга, атаандаштын атынын тизгинин кармоого тыюу салынат. Тыюу салынган ыкмаларды жасаган оюнчу оюндар чыгарылат жана анын ордуна башка оюнчу оюнга кире албайт.

Тай казанга ким көп улак таштаса, ошол командага 2 упай берилет. Жеңилген командага 0 упай. Эгер командалар тең чыгып калган учурда 1ден упайга ээ болушат.

Учурда көк бөрү боючна чемпионаттын Жогорку лигасынын оюндары даталуу күндөрдө Ысык-Көлдөгү жаңы ат майданында өткөрүлүп келүүдө. Улуттук лигадага командалар Жогорку лигадагы командалдан деңгээли жагынан бир тепкич төмөн болот. Мындан сырткары аймактардагы командалардын чемпиондору алгач Улуттук лигада ойноп, андан соң Жогорку Лигада ойноого укук алат.

Аламан улак тартыштын аянты

Аламан улак Кыргызстандын түштүгүндө ойнолуучу оюн. Анда оюнга катышууга келген бардык катышуучулар ойноого укук алышат. Аламан улактын аянты оюнду уюштурган уюштуруучулардын чечиминен көз каранды болот. Кээ бир учурда аламан улактын аянты ондогон гектар аянты түзүп калышы толук ыктымал. Көк бөрүдөн айырмаланып, аламан улакка жүзддөгөн, эгер байгесинөе баалуу буюмдар коюлган болсо миңдеген оюнчулар катышкан учурлар болгон. Мындай учурда аламан улак «массалык улак тартыш» деп да аталат.

2020-жылдын 26-январында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында жергиликтүү жеке ишкер уюштурган аламан улакка миңдеген улакчылар катышкан. Аталган оюнга Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан да улакчылар келген. Оюнда 50 килограмдык торпок улак тартышка коюлган. Бул оюндун байгесине Бишкек шаарынан 1 бөлмөлүү батир, 1 лимузин, 4 «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа, 9 төө, 20 тай жана акчалай сыйлыктар коюлган.

22-январь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналып, улак тартыш оюну уюштурулду. Ага 1000ден ашык улакчылар катышты. Көрүүчүлөрдүн саны 10 миңден ашты. Улак тартыштын байгесине кижи ажылыкка жолдомо, 10 тай, 5 төө, 5 автоунаа, 1 жасалгалуу боз үй коюлду.

Аламан улактын массалык улак тартышка айланган учурлары

Танылуу улакчы-көк бөрүчү- Манас Ниязов

«100 000 ашык адам чогулат»: Миллиондордун сүймөнчүгүнө айланган аламан улак-көк бөрү, фото-1
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...