• Башкы бет
  • Ош шаарында башаламан автоунаа токтотуучу жайдын ордуна гүл отургузулат
14:56, -ж., 24-январь

Ош шаарында башаламан автоунаа токтотуучу жайдын ордуна гүл отургузулат

Ош шаарында башаламан автоунаа токтотуучу жайдын ордуна гүл отургузулат

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык Бекмамат Осмонов көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды. Ишти "Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты" муниципалдык ишканасы жүргүзүп, учурда жолдун оң тарабына 12 гүл клумбасы орнотулду. Жалпысынан 16 гүл клумбасы коюлат. Мындан тышкары алардын ортосунда гүл аянтчасы болот.

Жолдун сол тарабына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп, гүлдөр эгилип, газон төшөө үчүн даярдыктар башталды. Ошондой эле мында жайгашкан курулуш компанияларынын бири да жашылдандыруу иштерине салым кошот.

Эске салсак, буга чейин мэрдин бул кичи райондун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда жогорудагы маселе көтөрүлгөн. Ага ылайык көчөнү көрктөндүрүү менен бирге башаламан унаа токтотуучу жайына бөгөт коюу багытында иш жүрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...