• Башкы бет
  • Мурунку премьер-министр элчилик кызматка сунушталып жатат
14:54, 2022-ж., 24-январь

Мурунку премьер-министр элчилик кызматка сунушталып жатат

Мурунку премьер-министр элчилик кызматка сунушталып жатат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети бүгүн, 24-январда Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси кызматына сунушталган талапкерди карайт.

Жогорку Кеңештин сайтында талапкердин аты-жөнү жазылган эмес.

Бирок белгилүү болгондой, элчи кызматына мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов  сунушталууда.

Сауд Арабиясында узак убакыт бою Кыргызстандын элчиси болгон эмес. Акыркы жолу ал жакта Абдилатиф Жумабаев элчи болуп иштеген.

Марипов 2021-жылдын 3-февралынан 12-октябрына чейин өкмөттү жетектеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...