Ошто гаражда жалгыз күн кечирип келген жаран каза болду

Ош шаарында гаражда жалгыз күн кечирип келген 86 жаштагы Ражап Абдыкаров каза болду. Бул тууралуу карыяга жардам берип жүргөн адамдар билдирди.
Алардын айтымында, ал 19-январь күнү Ош олбустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Анын сөөгү өзүнүн кичи мекени — Чоң-Алай районунда жерге берилди.
«Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө төрт күн жатып каза болду. Өзү жашаган гаражда бир нече күн жатып калды. Тез жардам чакырсак келбейт. Социалдык коргоо кызматкерлерин чакырып, алар тез жардам чакырганда келди. Андан кийин Ош облустар аралык ооруканасы менен сүйлөшүп, ар кимге чалып жатып араң жаткырдык. 19-январь күнү каза болду. Сөөгүн кичи мекени Чоң-Алайга алып барып койдук. Тууган-туушкандары көп экен. Өзү багып чоңойткон балдары да жерге берилгенден кийин келишти», - дешти алар.
Комментарийлер