14:47, 2022-ж., 24-январь
Баткендин жаранынын малдарын Өзбекстан кайтарып берди

Баткен районунда 2021-жылы жоголгон малдар кечээ, 23-январда ээсине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, райондун Кара-Токой айылынын 47 жаштагы тургунунун 3 баш бодо малы 2021-жылдын октябрь айында Өзбекстандын Фергана облсунунун Сох району менен чектешкен жерде жоголуп кеткен. Баткен РИИБдин жетекчиси Алмазбек Шагамурзаев Сох РИИБдин башчысы менен сүйлөшүп, эки тараптын милиция кызматкерлери кызматташып, 23-январь күнү жоголгон 3 баш бодо мал 2 торпогу (уйлар Өзбекстанда тууган) менен Өзбекстандан кайтарылып алынды. Кайтарылып алынган малдар өз ээсине тапшырылды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер