12:52, 2022-ж., 22-январь
Ош шаарында куткаруучулар култанып калган батирдин эшигин ачып беришти

Ош шаарында куткаруучулар бекилип калган батирдин эшигин ачып беришти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, куткаруучулар Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен.
Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.
Мындан тышкары, куткаруучуларга Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 3-кабатын суу каптап жатат деген маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенде батирдин ээси өзү келип калгандыгына байланыштуу иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, туруктуу ордуна кайтышкан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер