• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэри Амир-Тимур аймактык башкармалыгынын эл менен жолукту
12:49, 2022-ж., 22-январь

Ош шаарынын мэри Амир-Тимур аймактык башкармалыгынын эл менен жолукту

Ош шаарынын мэри Амир-Тимур аймактык башкармалыгынын эл менен жолукту

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган башкармалыктын башчысы Мухамадамин Канатов 2021-жылда аткарылган жумуштар менен маалымат берди. Андан соң тургундар жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо, тротуарларды реконструкциялоо жана куруу, бир катар мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги, кошумча мектеп имараттарын жана спорт залдарын куруу өңдүү суроолорду көтөрүштү.

Калаа башчы бул жылы шаар көчөлөрүнүн тротуарларын оңдоого көңүл бурула турганын айтып, биргелешип каржылоо долбоорлору аркылуу шаардыктардын бир топ көйгөйлөрүн чечүүгө болоорун белгиледи.

Эскерте кетсек, Алмаз Мамбетов жыл башында бюджет бекитүү алдындагы бардык муниципалдык аймактык башкармалыктардын жашоочулары менен жолугушуп чыкты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...