• Башкы бет
  • Кыргызстанда Эл каттоо иштери боюнча даярдыктар башталды
12:47, 2022-ж., 22-январь

Кыргызстанда Эл каттоо иштери боюнча даярдыктар башталды

Кыргызстанда Эл каттоо иштери боюнча даярдыктар башталды

Учурда 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелге чейинки аралыкта Эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдык жүрүп жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 1999-жылы жана 2009-жылдары кагаз суроолор жыйнагын пайдалануу менен жүргүзүлгөн каттоолордон башкы айырмасы — маалыматтарды топтоонун электрондук форматтагы ыкмаларын колдонуу менен биринчи жолу өткөрүлөт.

Мындай ыкманын башкы артыкчылыктарынын бири — алынган маалыматтардын сапатын жогорулатуу, аларды иштеп чыгууга кеткен убакытты кыскартуу жана эң башкысы, каталарды ыкчам табуу жана четтетүү болуп саналат.

Убактылуу каттоочу кызматчыларга төмөнкү талаптар коюлат:

- Кыргыз Республикасынын жараны;

- 18 жаштан жогору;

- Буга чейинки эл каттоолорго же ар кандай тандоочу изилдөөлөргө катышкан (мүмкүн болсо);

- «Android 5» же андан жогорку версиясындагы операциялык тутум аркылуу башкаруучу уюлдук аппараттын бар болушу (каттоочулар үчүн).

Ведомствонун басма сөз кызматы милиция кызматкерлери эл каттоочулардын коопсуздугун камсыздай турганын билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...