• Башкы бет
  • Ошто 3084 метр магистралдык түтүктөр алмаштырылды
12:45, 2022-ж., 22-январь

Ошто 3084 метр магистралдык түтүктөр алмаштырылды

Ошто 3084 метр магистралдык түтүктөр алмаштырылды

Ош Жылуулук электр борбору 2021-жыл ичинде аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгарды. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардык мэриянын тиешелүү бөлүмүнүн адистери, ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Сонунбек Жунусбаев мэр Алмаз Мамбетовдун атынан жасалып жаткан иштерге ыраазычылык билдирип, бул жылы ички жылуулук тармактарын оңдоодо биргелешип каржылоо долбоору каралып жатканын белгиледи. Бул багытта аткаруу бийлиги тарабынан көмөк көрсөтүлөт.

Ош шаардык ЖЭБинин жетекчиси Нурлан Арапбаев шаардыктарга сапаттуу кызмат көрсөтүүдө мэриянын демилгелерин карап чыгууга даяр экенин билдирди.

2021-жылы ишканада негизги жабдуулар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 3084 метр кварталдык жана магистралдык түтүктөрү алмаштырылган. Ошондой эле, өткөн жылы ЖЭБ 171,8 миң Гкал жылуулук энергиясын өндүрүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5,1 миң Гкалга көбөйгөн.

Ош ЖЭБи 36 билим берүү мекемесин, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 5 өндүрүш объектисин, 8 жогорку окуу жайын, 333 көп кабаттуу, 192 жеке турак үйлөрдү жана 323 башка мекеме-ишканаларды жылуулук менен камсыз кылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...