• Башкы бет
  • Ноокаттын жолунун курлушу башталмай болду
09:47, 2022-ж., 21-январь

Ноокаттын жолунун курлушу башталмай болду

Ноокаттын жолунун курлушу башталмай болду

Кечээ, 20-январда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун катышуусунда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын жыйынтыктары жана 2022-жылга милдеттери боюнча отурум өтүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйында Зиядин Жамалдинов бир нече көйгөйлүү маселелерге токтолду.

«Ноокат шаарындагы тыгындан өтө албайсың. Тротуар жок. Мыйзамсыз курулуштарды жокко чыгаргыла. Дүкөндөрдү тышкы көрүнүштөрүн бирдей абалга алып келгиле. Жолдон өткөндө бирдей түстө, бирдей сызыкта болсун. Шаар деңгээлине чыгаргыла.

Эртең жай келет, эс алуу жайларына чет элдик туристтерди тартуу боюнча оюм бар. Таштандыга айланып кеткен. Башкача да тапшырма берем. Ошол жакка чыккан элдер кой-эчкилерин үйдөн союп жешсин. Бүт таштандылар ошол жакта калууда. СЭС көзөмөлгө аласыз, чечимдерди чыгарасыз», - деди ал.

Жамалдинов Ноокат жолунун абалына токтолду.

«Ноокаттын жолу интернетке чыга берип, шаштыбызды алып жатат. Өзүм да кызыктым. «Ана башталат, мына башталат» деп... Япониялык компанияны салыктан бошотобуз деп келишим түзгөн экен. Бирок чечилбей келген. Өткөндө барып өкмөткө кирип, «салыктан бошотолу» деп бардык тиешелүү адистер чогулуп, чечип беришти. Толугу менен чечилди. Жол транспорт министрлиги менен сүйлөшүп жатам. Бир маселе бар экен. Тендер комиссиясы бизде 1 айда караса, аларда 90 күн экен. Транспорт министрлиги менен видео конференция кылып, «тездеткиле» деп сураналы. Көзөмөлүмдө турат. Быйылкы жылы жолдун иши башталат», - деди Жамалдинов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...