• Башкы бет
  • Тапанча менен өзүн атып алган өспүрүмдүн атасына кызматтык иликтөө башталды
09:34, 2022-ж., 21-январь

Тапанча менен өзүн атып алган өспүрүмдүн атасына кызматтык иликтөө башталды

Тапанча менен өзүн атып алган өспүрүмдүн атасына кызматтык иликтөө башталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда өспүрүм бала кандай жагдайда өзүнө тапанча менен ок атып алганы белгилүү болду.

ОИИБдин маалыматы боюнча, 20-январь күнү саат 08:25те Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын 13 жаштагы жашоочусу белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөндүгү боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

«Окуя болгон жерден 1 даана 9 мм Макаров үлгүсүндөгү ок атуучу курал, аталган куралга 2 даана магазин 15 даана огу менен жана 1 даана атылган октун гильзасы алынган. Алгачкы текшерүү иштердин жүрүшүндө белгилүү болгондой, аталган жерде жашаган үйдүн ээси — ички иштер органдарынын 50 жаштагы кызматкери А.А. 2022-жылы 20-январь күнү Ош ОИИБдин ыкчам тергөө тобунда жооптуу кызматкер катары жумушка жөнөп жаткан кезде өзүнө бекитилген табелдик ок атуучу тапанчаны эки даана магазин жана 16 даана огу менен жуунуучу бөлмөнүн сыртына столго калтырып, жуунганы кирип кеткен. Бул учурда мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу О.И. тапанчага кызыгып ,колуна алып ойноп жатып, өзүн атып алган. Жаракат алган бала Ош шаардык ооруканага жеткирилген», - деп айтылат маалыматта.

Милиция Ош шаардык клиникалык ооруканасына шилтеме берүү менен билдиргендей, жаракат алган балага травматология бөлүмүнүн дарыгери тарабынан кароо жүргүзүлгөн. Анын ички органдары жабыркаган эмес, көкүрөктүн сол тарабына ок тийген. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Аң-сезим тунук, өз алдынча кыймылдайт. Жаш баланын алган жаракатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза, окуя болгон жерден табылып алынган куралга, окторго жана бир даана гильзага карата соттук-дактилоскопиялык жана соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Аталган факт боюнча алгачкы териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Кара-Суу районунда милиция кызматкеринин өспүрүм курактагы уулу атасынын тапанчасы менен өзүн атып алганы булактар аркылуу маалым болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...