• Башкы бет
  • Алай" клубунун жаш футболчулары жол кырсыгынан каза болду
09:26, 2022-ж., 21-январь

Алай" клубунун жаш футболчулары жол кырсыгынан каза болду

Алай" клубунун жаш футболчулары жол кырсыгынан каза болду

Кечээ, 20-январь күнү кечинде "Алай" футбол клубунун эки футболчусу бүгүн кечинде Ош шаарында болгон жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты футболчулардын жакындары тастыктады.

Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа менен "Хендай Портер" үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада 2 адам каза болгонун маалымдады. Аталган кызмат, кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Белгилүү болгондой, "Алай" клубунун экинчи командасынын курамынын оюнчулары- Жахонгир Махмудов жана Асад Алимов жана Шохрух аттуу футболчу Кыргыз Премьер-Лигасына быйыл жаңыкошулуп жаткан"Нур-Баткен" элдик клубунун курамында ойноо үчүнкелишим түзүп, кайра Ош шаарына кайтышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...