• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэриясы ЮНИСЕФ менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөт
14:46, 2022-ж., 20-январь

Ош шаарынын мэриясы ЮНИСЕФ менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөт

Ош шаарынын мэриясы ЮНИСЕФ менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөт

Кечээ, 19-январда Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристин Жольм менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин Оштогу өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси Жылдыз Молдокулова тааныштырылды.

Венера Рыскулова өз сөзүндө жаңы жетекчини дайындалышы менен куттуктап, ар кандай социалдык тармактарга, анын ичинде саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ЮНИСЕФке Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жана мэриянын атынан ыраазычылык билдирди.

“Ош шаарынын мэриясы балдардын жана үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга жана колдоо көрсөтүүгө дайым даяр. Быйылкы жылы биздин кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлге чыгат деп ишенем”, - деп белгиледи вице-мэр.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЮНИСЕФ тарабынан Ош шаарында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде перинаталдык борборго техникалык жардам көрсөтүү жана “Балдарга ыңгайлуу шаар” долбоорлорунун жаңы баскычтарын талкуулашты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...