УКМК бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерет

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди дипломдорунун жарактуулугуна жана чет мамлекеттердин жарандыгына текшерет.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлер билими тууралуу жасалма дипломдорду колдонуу менен мамлекеттик кызматка өтүү фактылары көбөйүүдө.
«Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда», - деп түшүндүрүштү УКМКдан.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарына бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.
Текшерүү 24-январда башталып, 3 айга созулат. УКМК кызматкерлери бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштерин жана билими боюнча документтерин текшеришет.
Пландуу текшерүүгө айыл аймактардын, райондордун жана облустардын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынын деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана жетекчилери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин аппаратынын кызматкерлери, жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлери кабылат», - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.
УКМК жогорку билим тууралуу жасалма диплом пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди өз каалоосу менен ээлеген кызматын тапшырууга чакырат.
«Мамлекеттик кызматка кирүү жана кызматтан жогорулоо үчүн жасалма диплом пайдаланылган факт аныкталса, мыйзамдардын чегинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу каралат. Бул текшерүү аяктагандан кийин УКМК анын жыйынтыгы жана билими тууралуу жалган документтерди колдонуу фактылары жөнүндө коомчулукка маалымат берет», - деп айтылат расмий маалыматта.
Комментарийлер