• Башкы бет
  • Кара-Балта шаарында төрт кыз өз жанын кыюуга аракет кылышты. Алардын акыркы каты
14:32, 2022-ж., 20-январь

Кара-Балта шаарында төрт кыз өз жанын кыюуга аракет кылышты. Алардын акыркы каты

Кара-Балта шаарында төрт кыз өз жанын кыюуга аракет кылышты. Алардын акыркы каты

Белгилүү болгондой, 19-январда ооруканага төрт кыз — бирөөнүн тамыры кесилген, дагы үчөө көп өлчөмдөгү дары ичкен абалда жеткирилген. Алар: 1995-жылы, 1996-жылы, 1997-жылы жана 1987-жылы туулган кыз-келиндер.

Алар чогуу жашаган батирден табылган. Аймактык кабарчыга жеткен маалыматтар боюнча, жабырлануучулар алгач кат жазып, анда блогерлердин жашыруун видеокамералары аркылуу тартылып, интернетте тараган видеолордон улам ушундай кадамга барышканын билдиришкен.

Кыздардын бири өзүнүн катында үч кишини жалаа жапканы үчүн айыптаган. Тактап айтканда, ал бул адамдар интернетке видеоматериалдарды таратканын, ошондой эле аны сойкулукка айыпташканын жазган. Өзүнүн айтымында, официант болуп иштеп, адал эмгек кылган. Кыз апасына да кайрылып, кызына кам көрүүнү суранган.

Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, бирөөнүн абалы оор деп бааланууда. Милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кийинчерээк Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жайыл РИИБге 19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында аймактык оорукананын тез жардам кызматынан Кара-Балта шаарынын жашоочулары — 1998-жылы туулган М.М., 1987-жылы туулган М.Г., 1995-жылы туулган Т.З., 1996-жылы туулган Б.О. дарыга уулануу менен түшкөндүгү, аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, андан кийин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган.

Аталган факт Жайыл районунда катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...