11:12, 2022-ж., 19-январь
Кыргызстан боюнча 26 мектеп онлайн окуу режимине өттү

2022-жылдын 18-январына карата Кыргызстан боюнча 2334 мектептин ичинен 26 мектеп эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн-окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен 16 мектеп Бишкек шаарында, 10 метеп Чүй облусунда.
Андан тышкары, онлайн-режимге өлкө боюнча 76 класс өткөрүлдү:
- Чүй облусунда — 55 класс;
- Бишкек шаарында — 9 класс;
-Нарын облусунда — 3 класс;
- Ош облусунда — 2 класс;
- Ысык-Көл облусунда — 1 класс.
Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу Талас облусунда 6 класс онлайн-режимге өткөрүлдү.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер