• Башкы бет
  • 2 жаранды туткунда кармаган 4 жаран кармалды
11:09, 2022-ж., 19-январь

2 жаранды туткунда кармаган 4 жаран кармалды

2 жаранды туткунда кармаган 4 жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында адамдардын тобу тарабынан эркине каршы мажбурланып кармалган адам бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин маалыматы боюнча, Жалал-Абад шаарында жайгашкан батирлердин биринде адамдардын эркине каршы мыйзамсыз кармалышы боюнча кылмыш иштин алкагында өткөрүлгөн ыкчам издөө иш-чарасында Кыргызстандын М.А. аттуу жараны бошотулган. Аны адамдардын тобу ири өлчөмдөгү карызды өндүрүү максатында эркине каршы кармап жүрүшкөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.А. шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан. Буга байланыштуу аларга карата процессуалдык чара көрүүгө мүмкүн болгон эмес.

«Ал эми 17-январда кылмыш иш боюнча арыз ээлери жана жактоочулары менен тергөөгө келүү боюнча макулдашылган. Бирок алар тергөөгө келбей, маалымат жыйын өткөрүү менен гана чектелишкен. Муну менен катар эле арыздануучулар тергөө органдарына 18-январда кечинде барышкан. Алардын катышуусунда бардык талап кылынган иш-чаралар өткөрүлдү. Жыйынтыгында А.М., М.К., Р.И. жана А.Я. аттуу жарандар кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө улантылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...