• Башкы бет
  • Кыргызстандын 11 жараны Түштүк Кореяда жумушка орношту
11:05, 2022-ж., 18-январь

Кыргызстандын 11 жараны Түштүк Кореяда жумушка орношту

Кыргызстандын 11 жараны Түштүк Кореяда жумушка орношту

Кыргызстандын 11 жараны Түштүк Кореяда жумушка кирип иштеп жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, дагы 104 кыргызстандык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаргандан кийин Түштүк Кореяга иштегени учуп кетет. Алар үчүн Бишкек-Сеул багыты менен чартердик каттамдар уюштурулууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев кыргызстандыктар Түштүк Кореянын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги менен жетишилген меморандумга ылайык жумушка орношуп жатканын айтты.

Расмий маалымат боюнча, акыркы 15 жылда бул мамлекетте 3500 кыргызстандык иш менен камсыз болгон. Алардын көбү жеңил өнөр жай жана электротехника тармагында кызмат кылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...