• Башкы бет
  • Роберт Левандовсий ФИФАнын версиясы боюнча "Жылдын мыкты оюнчусу" деп табылды
11:01, -ж., 18-январь

Роберт Левандовсий ФИФАнын версиясы боюнча "Жылдын мыкты оюнчусу" деп табылды

Роберт Левандовсий ФИФАнын версиясы боюнча "Жылдын мыкты оюнчусу" деп табылды

Футбол боюнча Польшанын улуттук курама командасынын жана Мюнхендик «Бавариянын» чабуулчусу Роберт Левандовский ФИФАнын версиясы боюнча 2021-жылдын мыкты оюнчусу деп табылды.

«The Best FIFA Football Awards 2021» сыйлыгын тапшыруу аземи 17-январында болуп өттү.

Полбшалык спортчу Роберт Левандовский жылдын мыкты футболчусун аныктоодо эң көп добуш алып, Лионель Месси менен Мохаммед Салахты артка калтырды.

«Челсинин» машыктыруучусу Томас Тухель жылдын мыкты машыктыруучусу наамын аталса, ушул эле клубдун оюнчусу Эдуард Менди жылдын мыкты дарбазачысы деп табылды.

«The Best FIFA Football Awards 2021» сыйлыгынжеңгендер:

Мыкты оюнчу — Роберт Левандовский

Мыкты дарбазачы — Эдуард Менди

Мыкты машыктыруучу — Томас Тухель

Кыз-келиндер арасында мыкты оюнчу — Алексиа Путельяс

Кыз-келиндер арасында мыкты дарбазачы — Кристиан Эндлер

Кыз-келиндердин мыкты машыктыруучусу — Эмма Хейз

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...